Кыргыз улуттук драма театрын оңдоого бюджеттен кошумча каражат бөлүндү

  • 3 года мурун

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ремонт иштеринин акыркы этабы башталды. Оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн бюджеттен кошумча 44 млн 722 900 сом каражат бөлүндү.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Театрдын имаратын оңдоо үчүн 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылган жана жылуулук берүү системалары, көшөгөлөр, отургучтар жана LED-экран алынган. Пандемиядан улам республикалык бюджеттен каржылоо убактылуу токтоп, ремонт иштери үзгүлтүккө учурап калган.

Учурда театрдын чатырын оңдоо иштери жүрүп жатат.

Театр 1926-жылы негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген.

Ремонт иштери жыйынтыкталган соң, театрдын түптөлгөнүнүн 95 жылдыгына карата ачуу пландалып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты