«Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалы старт алды

  • 3 года мурун

14-сентябрда Бишкекте «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» эл аралык кинофестивалы башталды.

Бул тууралуу Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, быйыл сынакка фантастикалык, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык жанрлар боюнча ата-мекендик жана чет өлкөлүк режиссёрлордон 500дөн ашык тасма келген. Алардын 14ү эл аралык сынакка, 12си улуттук сынакка тандалып алынган.

Сынакка Грузия, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн белгилүү кинорежиссёрлору калыстык кылат.

Иш-чара 17-сентябрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө “Мыкты фильм”, “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы” жана «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Кинофестивалды Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, КМШнын гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду жана «Айтыш» коомдук фонду биргеликте уюштурууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты