Октябрда электр энергиясына эсеп жаңы тариф менен келиши мүмкүн

  • 3 года мурун

Электр энергиясына сунушталган жаңы тариф октябрь айында ишке кириши мүмкүн.

Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта тарифтик саясат боюнча документ иштелип чыгып, президенттин администрациясында жана Министрлер кабинетинде талкууланып жатат.

«Эгер документке октябрдын башында кол коюла турган болсо, анда айдын аягында электр энергиясы, ысык суу жана жылуулук үчүн эсеп жаңы тариф менен келет”, — деди Айталиев.

Белгилей кетсек, буга чейин Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев быйыл электр энергиясына болгон баа жогорулабай турганын билдирген. Ага ылайык, электр энергиясы мурдагыдай эле бардык жарандар үчүн 700 кВт/саатка чейин 70 тыйындан, ал эми белгиленген чектен өткөндөн кийин 2,16 тыйындан төлөнмөк жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн 700 кВт/сааттык чектөө алынып салынмак.

Ал эми тоо-кен, майнинг фермалары жана арак заводдору сыяктуу өндүрүштүк ишканалар үчүн электр энергиясынын 1 кВт/сааты 5 сом 4 тыйындан болорун кошумчалаган.

Сүрөт интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты