​Быйыл 1-класска 159 миңге жакын бала барат

  • 3 года мурун

2021-2022 – окуу жылында Кыргызстан боюнча 158-159 миң бала 1-класска барат.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жарандардын аймактан аймакка көчүүсү жүрүп жаткандыктан, мектеп босогосун жаңы аттагандардын так саны 20-сентябрдан кийин белгилүү болот.

Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл мектепке электрондук тизме боюнча Бишкек шаарынан 16 миң 863 окуучу, Ош шаарынан 2 миң 431, Караколдон 1 миң 975, Нарын шаарынан1 миң 157, Жалал-Абад шаарынан 2 миң 862, Талас шаарынан 1 миң 15, Кара-Суу шаарынан 865, Кара-Балта шаарынан 1 миң 172 жана Токмок шаарынан 1 миң 831 бала барат.

Быйыл окуу жылы адаттагыдан айырмаланып, 15-сентябрда башталат. Республика боюнча бардык мектептер салттуу режимде окутууга өтөт.

Сүрөт интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты