1-класска онлайн каттоо 1-апрелде башталат
- 3 месяца мурун
2026–2027-окуу жылы үчүн 1-класска балдарды онлайн каттоо 1-апрелден башталат.
Агартуу министрлигинин жобосуна ылайык, быйыл 2019-2020-жылы туулган балдар кабыл алынат. Баланы 1-класска мектепке кабыл алуу анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын негизинде ишке ашат. «Электрондук жазуу» кызматы же 1mektep.edu.gov.kg платформасы, ошондой эле “Түндүк” жана башка мобилдик тиркемелер аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында, эки баскычта каттоо жүрөт. -биринчи баскычта балдар мектепке туруктуу катталган жери боюнча алынат. — экинчи баскычта жашаган аймакта бош орун бар мектептерге кабыл алынат.
Биринчи баскыч 1-апрелде башталса, экинчи баскыч 1-июндан тартып жүрөт. Мектептерге балдарды онлайн каттоо 2020-жылдан бери онлайн жүргүзүлүп келет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




