БШКга бир мандаттуу округ боюнча шайлоого аттанып жаткан алгачкы талапкерден арыз түштү

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бир мандаттуу округ боюнча шайлоого аттанып жаткан алгачкы талапкерден арыз түштү.

Бир мандаттуу округ боюнча шайлоого өзүн-өзү көрсөтүп жаткан Акылбек Сариев №33 Нарын шайлоо округунунан талапкер болууну көздөөдө.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кабарлады.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык, бир мандаттуу шайлоо окруктары боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо окруктарынын тизмеси расмий түрдө жарыяланган күнү башталып, шайлоого 45 күн калганда аяктайт.

Талапкерлер каттоодон өтүү үчүн документтерин 18-октябрь саат 18.00гө чейин Боршайкомго алып келиши керек.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты