УКМК: KOICA Кыргызстандагы киберкоопсуздук боюнча долбоорду каржылайт

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен «Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча протоколго кол койду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Корея Республикасынын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору Ли Жонгсу катышкан.

“Кыргыз Республикасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү» долбоору өлкөдөгү киберкоопсуздукту бекемдөөгө багытталган.

“Аталган долбоордун алкагында SOC борборун түзүү, жабдуулар жана программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоо жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтуу пландаштырылууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Долбоордун узактыгы 5 жыл, аны ишке ашыруу үчүн 5 миллион АКШ доллары талап кылынат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты