Талибдер өзүн Ооганстандын президенти жарыялаган Амрулла Салехтин агасын өлтүрүштү

  • 3 года мурун

“Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын согушкерлери өзүн Ооганстандын президенти деп жарыялаган мурдагы вице-президент Амрулла Салехтин агасы Рохулла Салехти туткунга алып, андан соң өлтүрүшкөн. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги өзүнүн булактарына таянып жазып чыкты.

Ошол эле учурда Панжшер провинциясынын тургуну «РИА Новостиге» Рохулла Салехтин бир канча күн мурун салгылашта каза болгонун айткан.

Август айында талибдер ооган өкмөтүнө каршы ыкчам чабуул коюп, Ооганстандын бардык аймактарын басып алган. Аны менен катар АКШ аскерлерин аймактан чыгарып кеткен.

15-августта талибдер өлкөнүн баш калаасы Кабулду ээлеп алган соң президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Анын кетиши менен мурдагы вице-президент Амрулла Салех бийликти колго алганын жарыялаган.

Талибдер Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарып, өлкөнү Ислам Эмираты деп жарыялаган. Анда алардын өкмөтүн иш жүзүндө үч гана өлкө — Пакистан, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары тааныган.

Сүрөт интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты