ИИМ жаңы “Шевроле Кобальт” машиналарын аймактарга тапшырды
- 3 года мурун
Бүгүн, 10-сентябрда, ички иштер министрлиги милициянын аймактардагы бөлүктөрүнө жаңы машиналарды тапшырды.
Chevrolet Cobalt (Шевроле Кобальт) маркасындагы он машина Талас облусунун Манас, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата райондоруна жана Талас шаарына, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Аламүдүн, Панфилов райондоруна, Токмок шаарына берилди.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков аймактардын материалдык-техникалык жабдылышы маанилүү экенин белгиледи.
Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү