​Пара талап кылган милициянын майору убактылуу кармоочу жайга киргизилди

  • 3 года мурун

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Биринчи май райондук ИИБ экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, майор Д.М. К. 9-сентябрда кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Ал алдамчылык кылды деп жоопко тартуу тууралуу коркутуу менен, Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну А.С.А. аттуу жарандан улуттук элементтерден жасалган кымбат баалуу сувенир жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты