Түркиядан Кыргызстанга 150 миң доза Sinovac вакцинасы келди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 9-сентябрда, Түркиядан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 150 миң (75 миң адамга) доза Sinovac вакцинасы келди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жүктү өткөрүп берүү аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Sinovac вакцинасы менен 18 жашка чыккан бардык каалоочулар эмдөөдөн өтө алышат. Биринчи жана экинчи дозанын ортосундагы аралык 2-4 жуманы түзөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm, Орусиянын «Спутник V» жана Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Вакцинанын биринчи дозасын алгандардын саны 720 210 болсо, экинчи дозасын 504 998 адам алган.

Сүрөт Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты