УКМК: Курал жана ок-дарылар бекитилген жер табылды

  • 3 года мурун

Кечээ, 8-сентябрда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жер табылды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жашырылган жерден 1 даана Ф-1 жарылуучу заты, “7,62 мм” калибрдеги ок-дарылар жана «ПМ» маркасындагы номерлери өчүрүлгөн тапанча табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал жана ок-дарылар кылмыш дүйнө өкүлдөрүнө таандык болушу мүмкүн.

Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты