БШК парламенттик шайлоого байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочуларды чакырды

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярданууга жана аны өткөрүүгө байкоо салуу үчүн эл аралык байкоочуларды чакырууда.

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чакыруу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитетине, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ), Европа коопсуздук келишими уюмунун Адам укуктары боюнча бюросуна (ЕККУ БДИПЧ), Ислам кызматташтык уюмуна, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине, Дүйнөлүк, Азия жана Европа шайлоо органдарынын биримдигине жиберилген.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты