Юрист, ишкер, шахмат чемпиону Мырза Капаров көз жумду
- 3 года мурун
7-сентябрга караган түнү юрист, Кыргызстандын шахмат боюнча чемпиону, шахмат федерациясынын мурдагы вице-президенти Мырза Капаров дүйнөдөн мезгилсиз өттү. Анын сөөгү Чоң-Кемин өрөөнүндө, туулган айылы Тегирментиде кечээ жерге берилди. Мырза Капаров — айтылуу акын Нуралы Капаровдун тун уулу.
Мырза Капаров 1980-жылы 13-апрелде Кемин районунда туулган. Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
Юстиция министрлигинде, өкмөттүн аппаратында, президенттик аппаратта иштеген.
Аймактарды өнүктүрүү, транспорт жана курулуш маселелери боюнча эксперт. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.
Шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону, шахмат федерациясынын вице-президенти болгон.
Өткөн жылы парламенттик шайлоодо “Замандаш” партиясынан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болгон.
Ишкер катары кайрымдуулук иштери менен алектенип, өткөн жылы карантин учурунда Самансур, Көк-Ойрок айылдарынын 117 үй-бүлөсүнө кайрымдуулук кылгандыгы белгилүү.
Мырза Капаров — айтылуу акын Нуралы Капараовдун уулу.