Тилсиз жоо: Кызыл-Кыялда борбордук базардан өрт чыкты

  • 3 года мурун

Кызыл-Кыя шаарынын борбордук базарынан өрт чыгып, анын кесепетинен 2500 чарчы метр аянт күйүп кетти.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын борбордук базарында кездеме сатуучу дүкөндөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 бөлүм жана 32 куткаруучу тартылган. Өрт саат 05:35те толук өчүрүлгөн.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү такталып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан алдынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты