Мамлекетке 20 млн сом зыян келтирген майнинг-фермалардын ишине бөгөт коюлду

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермалар аныкталды. Алдын ала маалымат боюнча, алар мамлекетке 20 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-сентябрда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында ушул жылдын башынан бери мыйзамсыз иштеп жаткан эки майнинг-ферманын 500 даана аппараты аныкталган. Андан мурун, 4-сентябрда «Бишкек» ЭЭАнын аймагында 200 даана майнинг аппараты бар контейнер табылган.

УКМКнын билдиргенине караганда, фермалар ишмердүүлүгүн электр энергиясына мыйзамсыз кошулуп, уурдоо жолу аркылуу жүргүзүп келген. Болжол менен андан келип чыккан зыяндын көлөмү 20 миллион сомду түзөт.

УКМК бул ишке «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлеринин дагы тийиштиги бар экендигин билдирди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты