ККМ башкаруу системасынын сынак долбоору ишке кирүүдө

  • 3 года мурун

8-сентябрдан тартып контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) башкаруу системасынын пилоттук долбоору ишке кирүүдө.

Бул тууралуу КР мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун максаты — колдонулуучу ККМди модернизациялоо жана фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт ичинде иштеп чыгуу, чогултуунун жаңы технологияларын апробациялоо.

Маалыматка ылайык, долбоордо ККМдин аппараттык жана программалык жаңы моделдери колдонулат жана алар катышуучуларга акысыз берилмекчи. Андыктан мамлекеттик салык кызматы ККМди колдонууга милдеттүү ишкердик субъекттерди аталган долбоорго ыктыярдуу негизде катышууга чакырат.

Билдирүүдө долбоорго катышуу менен ишкерлер салык төлөөчүлөргө ККМди акысыз алууга, бизнес жасоонун жаңы деңгээлине чыгууга жана көмүскө экономиканы мыйзамдаштырууга салым кошушары белгиленген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты