Кайрат Иманалиев: “30 жылдагы жетишкендигибиз — сөз эркиндигибиз”

  • 3 года мурун

Нарында өтүп жаткан “Ийгиликке кадам” медиафорумуна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Кайрат Иманалиев келди. Ал өз сөзүндө журналисттердин коомдогу орду тууралуу айтып өттү:

“Аймактык медианы өнүктүрүү боюнча медиа форумдун өткөрүлүп жатканы бизди кубандырат. Жакында эле эгемендүлүктүн 30 жылдыгын белгиледик. Кыргызстандык 30 жылдык эгемендүүлүгүндө жетишкендиктердин бири сөз эркиндигиз болду”, — деп билдирди ал.

8-9-сентябрь күндөрү “Журналисттер” коомдук бирикмесинин демилгеси менен “Ийгиликке кадам” медиафоруму өткөрүлүп жатат.

Ийгиликке кадам» медиафоруму– кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет.

Медиафорум “Журналисттер” коомдук бикримесинин фейсбуктагы баракчасында (https://www.facebook.com/journalist.kg/) түз эфирде көрсөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты