«Ийгиликке кадам» медиафоруму башталды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 8-сентябрда, Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» медиафоруму өткөрүлүп жатат.

Форумда кыргызстандык жана чет өлкөлүк белгилүү медиа адистер социалдык тармактар жана медиа, медиадагы кастык тил маселеси, аймактык медианын келечеги, гендердик жана майыптык темасын туура чагылдыруу медиа жана санариптик коопсуздук, COVID-19’да медианын каражат булактары сыяктуу темалар боюнча пикирлери менен бөлүшүп, талкуулар уюштурулат.

Медиа форум “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги программалык офиси, жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялардын колдоосунда өткөрүлүп жатат.

Иш-чара тууралуу кененирээк маалыматты форумдун сайтынан таба аласыздар – http://kadam.hostenko.net.

Ошондой эле медиафорумдун жүрүшүн 8-9-сентябрда “Журналисттер” КБнын фейсбуктагы баракчасындагы түз эфирден көрсө аласыздар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты