Баасы 800 миң сомго жакын контрабандалык айыл чарба продукциясы кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жүргүзүлгөн аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында ушул жылдын 2-сентябрынан 6-сентябрына чейин Баткен облусунун чек ара аймагында 800 миң сомго жакын тиешелүү коштоочу документтери жок 11 тоннадан ашык айыл чарба продукциясы кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жүк транспорт каражаттары менен бирге тиешелүү чараларды көрүү үчүн бажы көзөмөл органдарына өткөрүлүп берилген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты