​»Талибан» Ооганстандагы өкмөттүн жаңы курамын жарыялады

  • 3 года мурун

Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» радикал кыймылы өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялады. Бул тууралуу Пакистандагы Dawn гезити кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Ооганстандын башкы жетекчиси болуп кыймылдын 60 жаштагы башчысы Хайбатулла Ахундзада, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кызматына буга чейин «Талибандын» башкаруу кеңешин жетектеген Мохаммад Хасан Ахунд аттуу молдо дайындалды.

Мындан тышкары өлкөдөгү дээрлик бардык негизги министрликтер «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлгөн. Алсак, чалгындоо министри болуп 12 жыл Кубадагы америкалык Гуантанамо түрмөсүндө отуруп чыккан Абдул Хак Васик, ИИМдин башчылыгына талибчил «Хаккани түйүнү» тобунун негиздөөчүсүнүн уулу Сиражуддин Хаккани, коргоо министри болуп «Талибандын» негиздөөчүсүнүн уулу Мухаммад Якуб Муждахид жана экономика министри болуп өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар дайындалган.

Августтун ортосунда талибдер дээрлик эч кандай каршылыксыз эле өлкөнүн баш калаасы Кабул шаарын ээлеп алган. Ага чейин «Талибан» өлкө бийлиги менен коалициялык өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Бийликти басып алгандан кийин кыймылдын өкүлдөрү коалиция түзүүгө муктаж эмес экенин жарыялап, өкмөттү өз алдынча түзө тургандыктарын билдиришкен.

Батыш өлкөлөрү талибдерди Ооганстандын мыйзамдуу бийлиги катары тааныган жок. Дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Жо Байден «Талибан» кыймылы эл аралык деңгээлде таанылуу үчүн узак жолду басып өтүшү керек экенин белгилеген.

Талибдер Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарып, өлкөнү ислам эмираты деп жарыялаган. Анда алардын өкмөтүн иш жүзүндө үч гана өлкө — Пакистан, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары тааныган.

Орусиянын бийлиги «Талибан» өлкөдө террордук уюм деп таанылганына карабастан, алар менен кызматташууга даяр экенин билдирип келет.

Сүрөттө: Хайбатулла Ахундзада. AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты