Кыргызстан боюнча 3 миллион тонна көмүр керектелет
- 3 года мурун
Калкка көмүр берүү 2021- жылдын 15-сентябрынан башталат. Андан кийин республиканын көмүр кампаларына жеткизилет. Республика боюнча бүгүнкү күндө 758 көмүр кампасы ачылды.
Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Жеринен чыккан Кара-Кече көмүрүнүн баасы мурдагы жылдардай эле 1330 сомду түзөт. Сатыкка коюлган баа саясатын монополияга каршы мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.
Кыргызстан боюнча жалпысынан (ЖЭБке, калкка, бюджеттик мекемелерге)- 3 000 000 ашык тонна көмүр керектелет, анын ичинен:
-бюждеттик мекемелерге-242,333 миң тонн;
-калкка- 1 миллион 125 миң тонна;
ЖЭБке – 1 миллион 650 миң тонна.
Республика боюнча көмүр казган 70 ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниянын саны 41ге жакын.
Кийинки 8 айдын ичинде республика боюнча 1 337 346 тонна көмүр өндүрүлдү.
-түндүк региону боюнча -452 265 миң тонна;
-түштүк региону боюнча -885 079 миң тонна.
Сүрөт: Интернет булактарынан.