​Бишкекте кайгуул кызматкери пара доолап кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен бирдикте, 64 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматынын кызматкери А.А.К. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жаран таанышы менен жең ичинен сүйлөшүп, зордуктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча коркутуп, Бишкек шаарынын тургуну С.К.Б.дан 100 миң сом талап кылган.

Бирок укук коргоо органдары борбордун бул тургунуна карата зордуктоо же башка укук бузуу фактыларын каттаган эмес.

Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган Бишкек шаарынын ШИИБ кайгуул кызматынын кызматкери А.А.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты