Жогорку аскердик наам ыйгаруу жарлыгы чыкты

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Конституциянын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго генерал-лейтенант наамы ыйгарылды.

Экс-коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге — генерал-лейтенант наамы ыйгарылды.Таалайбек Өмүралиев кечээ Коргоо министрлигинен бошотулган.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго — генерал-майор наамы ыйгарылды. Бактыбек Бекболотов кечээ Куралдуу күчтөрдүн полковниги наамында Коргоо министри болуп дайындалган.

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевге — генерал-майор наамы ыйгарылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты