​Таалайбек Өмүралиев коргоо министри кызматынан бошотулду

  • 3 года мурун

Өмүралиев Таалайбек башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын коргоо министри кызмат ордунан бошотулду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгон.

2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык, «Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» жарлыкка ылайык, Таалайбек Өмүралиев 5-майда коргоо министри болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты