​Дөөлөт Сыдыков 111 саат Манас айтты

  • 2 years мурун

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында беш күн, беш түн “Манас” айтуусун аяктады. Бул тууралуу манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс ОкеноваФейсбуктагыбаракчасына жазды.

Сыдыков жалпысынан 111 саат Манас айткан.

Иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өткөн.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков бул жолу да Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып жатат.

Ал буга чейин 2020-жылы 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай “Манас” айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий катталган эмес.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы 25-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында туулган.

Ал Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктаган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты