​Бир мандаттуу округдардан ЖК депутаттыгына талапкерлердин арызы 13-октябрга чейин кабыл алынат

  • 3 года мурун

Бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин арызы 13-октябрга чейин кабыл алынат.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кабарлады.

“Бир мандаттуу округдардан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдардын тизмеси жарыялангандан кийин башталып, добуш берүүгө 45 күн калганда аяктайт, башкача айтканда, 2021-жылдын 13-октябрына чейин талапкерлерли көрсөтүү керек.

Шайлоо округдарынын схемалары жана чектери шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен же 2021 -жылдын 6-сентябрына чейин түзүлөт жана бекитилет.

Ошол эле учурда, округдардын тизмеси БШКнын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында округдар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде, башкача айтканда, 2021 -жылдын 10 -сентябрына чейин жарыяланат” деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленди.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты