Казакстанда коронавирус күчөп жатат

  • 3 года мурун

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 3 миң 897 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 330, Алматы шаарында – 1085, Шымкент шаарында – 79, Акмоло облусунда – 234, Актөбе облусунда — 67, Алматы облусунда — 279, Атырау облусунда — 120, Чыгыш-Казакстан облусунда – 148, Жамбыл облусунда – 95, Батыш-Казакстан облусунда — 83, Караганда облусунда — 492, Костанай облусунда — 215, Кызылорда облусунда – 79, Мангистау облусунда — 209, Павлодар облусунда — 255, Түндүк-Казакстан облусунда — 74, Түркестан облусунда – 53 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 816 миң 896 адам коронавирус жуктурган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты