Ахмад Масуд талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди

  • 3 года мурун

Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун башчысы Ахмад Масуд Панжшердеги абалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу сунуштарды кубаттады. Бул тууралуу ал «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

«Туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн биз согуштук аракеттерди токтотууга даярбыз. Бирок бул үчүн «Талибан» да Панжшердеги жана Андарабдагы чабуулдарын токтотушу керек», – деп жазды Масуд.

Буга чейин ооган ЖМКлары Ислам уламалар кеңеши Панжшердеги согушту токтотуу үчүн «Талибанды» кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга чакырганын кабарлашкан.

«Талибан» кыймылы жана ага каршы турган Ахмад Масуд Панжшердеги салгылашуу жөнүндө эки башка пикир айтып жатышат.

4-сентябрда «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Панжшер провинциясынын административдик борбору (Кабулдан 100 чакырым алыстыкта) Базаракка жакындаганын жана бир катар райондордо ийгиликке жетишкенин билдирген. Tolo News телеканалы маданият боюнча жергиликтүү комиссиянын мүчөсүнүн сөзүнө таянып, Панжшердеги төрт район талибдерге өткөнүн кабарлады. Азырынча бул маалыматты тастыктоого мүмкүнчүлүк боло элек.

Ооганстандын мурдагы вице-президенти, оппозиция лидерлеринин бири Амрулла Салех буга чейинки видео кайрылуусунда Улуттук фронттун күчтөрү кыйын кырдаалда турганын айтып, бирок каршылык уланарын билдирген.

Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун башкаруучусу Тауфикулла Расих акыркы согуштук аракеттердин жүрүшүндө талибдердин жети согушкери өлтүрүлгөнүн айтып, «Талибан» бул маалыматты четке кагууда.

Талибдер 15-августта Кабулду ээлеп алгандан бери фронттун каршылыгына туш болуп келатат. Ага оппозициянын Ахмад Масудга лоялдуу күчтөрү кирет. Өрөөндөгү салгылашуулар жарандык согуш тутанышы мүмкүн деген кооптонууларга жем таштады.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Ахмад Масуддун тарапташтары (архивдик сүрөт). Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты