Урмат Самаев Токмоктун мэри болуп шайланды

  • 3 года мурун

Токмок шаарынын мэри болуп Урмат Самаев шайланды. Ага шаардык кеңештин 19 депутаты добуш бергенин 26-августта Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Экинчи талапкер Азат Кубатбек уулуна 11 добуш тийди.

Добуш берүүгө 31 депутаттын 30у катышты.

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн.

Добуш берүү дээрлик үч саат кечигип башталды. Буга депутаттар чогулбай, кворум жок болуп жатканы себеп болду.

Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында да мэр шайлоо болду. Бишкекте Айбек Жунушалиев 45 депутаттын 43үнүн добушун алды, Ошто Алмаз Мамбетов да 45 депутаттын 43үнүн колдоосуна татыды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты