Дагы он кыргызстандык Ооганстандан эвакуацияланды

  • 3 года мурун

Ооганстандан дагы 10 кыргызстандык эвакуацияланды. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлагандай, 25-августта Орусиянын колдоосу менен Ооганстандын борбору Кабулдан Чүйдүн Кант шаарына атайын учак менен 10 кыргыз жараны, арасында кичинекей балдар жеткирилди.

Жалпысынан Ооганстанда абал курчугандан бери бул өлкөдөн 36 кыргызстандык эвакуацияланды.

Бул өлкөдө дагы канча кыргызстандык бар экени расмий айтыла элек.

Кыргызстанда террордук уюм катары тыюу салынган «Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен.

Сүрөт: Иллюстративдик сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты