Ооганстандан Катарга эвакуцияланган кыргызстандыктар Бишкекке келди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 23-августта, Афганистандан Катарга эвакуацияланган кыргызстандык 11 жаран Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, бул жарандар буга чейин Америка уюштурган учак менен Катарга жеткирилген. Бүгүн саат 04:40та Доха — Дубай — Бишкек каттамы менен мекенине келишкен.

«Элчилик жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жумуш берүүчүлөр авиабилет сатып беришти», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин жардамы менен 22-августта дагы бир кыргызстандык Кабулдан Алматы шаарына атайын рейс менен эвакуацияланган. Саясий чыңалуу болуп турган өлкөнүн аймагындагы калган кыргызстандыктардын бардыгы КРдин дипөкүлчүлүгүндө экени, алар жакында мекенине эвакуацияланары белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты