​Кол өнөрчү жана дизайнерлер фестивалы өттү

  • 3 года мурун

20- августта Жалал- Абад шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата “Алтын өрөөн” республикалык кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш- чаранын негизги бөлүгүндө болгон кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин эмгектеринин көргөзмөсү, дизайнерлердин этникалык стилдеги заманбап кийимдердин көргөзмөсү болуп, “Алтын өрөөн” фестивалына активдүү катышкандар кол өнөрчүлөр Маданият министрлигинин дипломдору менен сыйланды.

Иш- чара Т.Тыныбеков атындагы областтык филармониянын оркестринин коштоосунда концерттик программа менен коштолду.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты