Кыргызстандагы лидер аялдардын алгачкы курултайы болот

  • 3 года мурун

2021-жылдын 25-августунан баштап сентябрь айынын аягына чейин Кыргызстандын тарыхында биринчи курултайдын үч этабы Чүй, Ош жана Нарын аймактарында өткөрүлөт. Ага 300дөн ашык лидер аял катышат.

Курултай активист аялдардын демилгеси менен Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешинин жана аял депутаттар форумунун колдоосу менен өтөт. Мындай иш-чараны өткөрүү өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө, ошондой эле аялдар кыймылынын коомдогу ордун жана ролун талдоого байланыштуу. Курултай аялдардын прогрессивдүү жана баа жеткис тажрыйбасын аныктоо, изилдөө жана талкуулоо үчүн көп кырдуу аянтча болот.

Курултайдын жыйынтыгында гендердик теңдикке жетүү үчүн реалдуу аракеттерди көрүү жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүү боюнча чечим кабыл алуу, ошондой эле резолюцияны иштеп чыгуу пландалууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты