Германияда коронавирустун төртүнчү толкуну башталды

  • 3 года мурун

Роберт Кох институтунун маалыматы боюнча, Германияда коронавирус пандемиясынын төртүнчү толкуну башталды. Акыркы сутка ичинде жаңы 9300 учур катталды.

Институттун билдиргенине караганда оору жуктуруп алгандардын саны июль айынан бери көбөйүүдө. Инфекция жаштар арасында көп жайылып жатат. 20-августтун таңына карата Германияда акыркы суткада 9280 жаңы коронавирус инфекциясы катталды. Бул мурунку жумага караганда 3702ге көп.

Worldometer порталынын маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө дээрлик 211 миллион ооруну жуктуруп алуу жана 4.4 миллиондон ашуун өлүм катталган. Инфекциянын таралышы боюнча АКШ, Индия жана Бразилия алдыңкы орунда. Тизмеде — Россия төртүнчү, Германия 14-орунда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты