Күрөш боюнча чемпионатта эки балбан кыз байгелүү болушту

  • 3 года мурун

Уфа шаарында (Орусия) өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыздар Калмира Билимбек кызы — күмүш, ал эми Сезим Жуманазарова коло байгелүү болушту.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Билимбек кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 55 килограмм салмакта күрөшкөн. Ал монголиялык, америкалык жана орусиялык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Алтын байге үчүн белорусиялык Алесия Хетманава менен беттешип, бир упайдын айырмасында жеңилип (6:7), күмүш медаль алды. 18 жаштагы Калмира Билимбек кызы эки жыл мурда кыздар арасындагы (кадеттер) дүйнө чемпионатында дагы күмүш байге алган.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн 57 килограмм салмакта кыргызстандык дагы бир балбан кыз Сезим Жуманазарова коло байге алды. Ал 3-орун үчүн беттеште польшалык Патрисия Ева Стрельжикти 9:4 эсебинде жеңди.

Билимбек кызы менен Жуманазарованы бул дүйнө чемпионатына аталары жеке машыктыруучу катары коштоп барышты. Калмиранын атасы Билимбек Капарбеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин (Тбилиси, 2019).

Сезим Жуманазарова Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарованын сиңдиси. Атасы Дүйшөн Жуманазаров эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты