​Бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлө баштады

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун биринчи жыйналышы 19-августта өттү.

Бул топ Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында БШК мүчөлөрүнөн, ЖК депутаттарынан, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

Анда Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын долбоорлору талкууланып, сын-пикирлер, сунуштар айтылды.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, алдыдагы парламент депутаттарын шайлоо шайлоонун аралаш тутуму боюнча өтөт.

Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты