​Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамалекеттик комитети (УКМК) тарабынан Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар

деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Ж. 17-августта кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кармалган киши 2015-жылы Сирияга кеткенин, анда ал «Хаят Тахрир аш-Шам» эл аралык террордук уюмунун тобу тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы аныкталган. Ал чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде Кыргыз Республикасына кирип жана террористтик аракеттерди жайылтуу үчүн жашыруун ячейкаларды уюштуруу үчүн, ЭТУнун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталды..

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты