ИИМ: Кыргызстанда жалпы салмагы 187 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды

  • 3 года мурун

Үстүбүздөгү жылдын июль жана август айларында “Кара куурай” аталыштагы операциянын жүрүшүндө өлкө аймагында жалпы салмагы 187 тонна 675 кг кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, бул опперацияга 3 миң 213 адамдан турган 220 бригада түзүлүп, 3 миң 23 гектар жер изилденген. Анын ичинен 250,7 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынган.

Аталган операцияны өткөрүү учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 93 кылмыштын бети ачылса, 21 баңгизатына байланышкан кылмыш аныкталган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 244 кг 857 гр баңгизат жана прекурсорлор алынган. Анын ичинен: гашиш — 10 кг 109 гр, психотропттук заттар — 7 гр, марихуана — 231 кг
623 гр, кара куурай — 2 кг 171 гр, туз кислотасы — 596 гр, күкүрт кислотасы — 351 гр.

Ошондой эле операциянын алкагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 10 бирдик ок атуучу курал жана 62 даана ок-дары алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты