Бишкек шаарында синтетикалык баңгизат сатууга шектүү кармалды

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүү кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 7-январында Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматына Биринчи май районунун аймагында белгисиз киши синтетикалык баңгизат сатууга тиешеси болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБ тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек–Чүй каналынын түндүк тарабында, Тоголок Молдо көчөсүндө баңгизаттарды катып коюу жолу менен жайгаштырган жаран кармалган. Жеке тинтүү жүргүзүү учурунда андан синтетикалык баңгизат заты салынган 5 түйүнчөк табылган.

Кармалган жаран 2001-жылы туулган С.А. болуп чыкты. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал баңгизаттарды Telegram мессенжери аркылуу алып, шаар аймагында катып коюу ыкмасы менен тараткан.

Кошумча тергөө аракеттеринин жүрүшүндө шектүү дагы өзү каткан 14 орунду көрсөткөн, ал жерлерден кошумча түйүнчөктөр алынган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн синтетикалык баңгизаттын 19 түйүнчөгү алынган.

Учурда шектүүгө карата тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Шектүү Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: Бишкек ИИББ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты