УКМК: Афганистандан Кыргызстанга качкындар келди деген маалымат жалган

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарда ооганстандык качкындар Кыргызстанга келип жатат деген маалыматты төгүндөдү.

Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстандын Ооганстан менен жалпы чек арасы жок. Ошентсе да кыргыз чек арачылары Ооганстандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чегиндеги абалды көзөмөлдөп турат. Коңшу өлкөлөр менен маалымат алмашуулар жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, УКМК чек аранын бардык аймагында абал салыштырмалуу туруктуу экенин жана визасыз Кыргызстандын аймагына кирүү мүмкүн эмес экенин билдирген.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан 500 афган студентин кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты