​Эгемендиктин 30 жылдыгы: Майрамдык иш-чаралар

  • 3 года мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында өлкөдө пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

• Жалал – Абад облусу

Жалал- Абад шаары. Барпы атындагы Жалал- Абад облстук драма театры

“Алтын өрөөн” кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы

Башталышы: 20 август саат 10:00.

• Ысык- Көл облусу

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Борборук аянт:

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына, Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына, Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына, Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата маданий-массалык иш- чара

Башталышы: 21 – август саат: 10:00.

• Нарын облусу

Нарын шаарындагы Т. Усубалиев атындагы эс алуу багы

Республикалык кол өнөрчүлөрдүн “Шырдак” жана “Оймо” фестивалдары

Башталышы: 23-25- август күндөрү, саат 12:00.

• Бишкек шаары

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы

1. Кыргыз-Казак улуттук көркөм өнөр чеберлеринин эл аралык “Сармерден” теле долбоору

Башталышы: 24-25-август, саат :18:00;

“Манас” кинотеатрында

2.” Шамбала” толук метраждуу көркөм тасмасынын Улуттук премьерасы. (реж Артык Суюндуков, Т. Океев.атындагы Улуттук Кыргызфильм киностудиясынын өндүрүшү)

Башталышы: 26 -август 18:00;

Борбордук эски аянт

3. “Кыргызстан — менин мекеним!” аттуу этностор аралык достук фестивалы

Башталышы: 27-август 10:00.

• Талас облусу

“Манас ордо” улуттук комплексинде

“Урааным Манас!” аттуу театрлаштырылган салтанат

Башталышы: 29-август 20:00.

• Бишкек шаары

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында

1. КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти

Башталышы: 30-31 август, саат 19:00;

2. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына, Кыргыз элинин төкмө акыны Өтө Көкө уулу (Жеңижоктун) 160 жылдыгына, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата, кыргыз-казак акындардын айтышы

Башталышы: 30-31 август саат:18:00

• Ош облусу

Ош шаарынын Борбордук аянты

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына майрамдык салтанат

Башталышы: 31 –август, саат: 09:00.

• Баткен облусу

Баткен шаарынын борбордук стадиону

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына майрамдык салтанат.

Башталышы: 31- август 17:00.

Ошондой эле, Борбордук “Ала- Тоо” аянтында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өтөт.

Башталышы: 31 — август, саат: 09:00.

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Ак-Мөөр” опера-дастанынын премьерасы өтөт.

Башталышы: 5- сентябрь, саат 18:00.

Мындан сырткары, 31-август күнү Чолпон-Ата ат майданында “Көк бөрү” улуттук ат оюндары өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты