Салык кызматы: 7 айда 55 млрд 546,9 млн. сом салык жана төлөмдөр чогултулду

  • 3 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 7 айында 55 млрд 546,9 млн. сом салык жана төлөмдөрдү чогулткан. Белгиленген план 105,4% га аткарылган же 2 млрд 832,4 млн сомго ашыкча аткарылган.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана төлөмдөрдүн түшүүсү 15 млрд 94,6 млн сомго көбөйдү же өсүү 137,3% түзгөнү белгиленди.

Анын ичинде республикалык бюджетке 44 млрд 819,2 млн сом түшүп, план 105,3%га аткарылган же 2 млрд 244,8 млн сомго ашыкча аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 млрд 423,4 млн сомго көп (өсүү темпи 138,3%).

Жергиликтүү бюджетке 10 млрд 727,6 млн сом чогулуп, план 105,8% га аткарылган же 587,7 млн.сомго ашыкча аткарылган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келип түшүүлөр 2 млрд 671,1 млн сомго көбөйдү же өсүү 133,2% түздү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты