Ооганстандын Президенти үй-бүлөсү менен БАЭде экени белгилүү болду

  • 3 года мурун

«Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду ээлегенден кийин өлкөдөн чыгып кеткен президент Ашраф Гани үйбүлөсү менен Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) экени белгилүү болду. Бул тууралуу БАЭнин Тышкы иштер министрлиги 18-августта жарыялаган билдирүүдө айтылат.

Анда Гани жана үй-бүлөсү «гуманитардык негизде» өлкөгө киргизилгени белгиленген.

Ашраф Гани 15-августта Кабулду «Талибан» кыймылы басып алган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына «кан төгүүнү болтурбоо үчүн ушундай кадамга барганын» жазган.

Мындан соң анын Тажикстанга учуп келгени кабарланып, бирок расмий Душанбе бул маалыматты четке каккан. Андан бери 70 жаштагы Ашраф Ганинин кайда экени белгисиз болуп жаткан.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөттө: Ашраф Гани. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты