Сиз салыктарды төлөдүңүзбү? Эки жума калды

  • 3 года мурун

Салык кызматы унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү эки жумадан кийин бүтөрүн эскертти. Андыктан 1-2-сентябрга чейин менчик ээлерин салык төлөөгө чакырат.

«Салык төлөө үчүн дагы эки жума бар. Салык кызматы жарандардын убактыларын банктардын кассаларында кезек күтүүдөн коротпостон, алдын-ала, тынч жана ашыкча кыжалат болбостон убагында төлөөгө чакырат», — деп айтылат Салык кызматынын билдирүүсүндө.

Салыкты бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга миң сом, юридикалык жактарга беш миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты