Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду. БУл тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирүүдө.

Билдирүүгө ылайык, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Кыргызстан Өкмөтү менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги процедураларды өткөрүү болуп саналат.

Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине каржылоо жүргүзөт. Буга байланыштуу, Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда деп айтылган маалыматта.

Фонд Уставдык капиталы 50 млн АКШ доллары менен болуп, ал Өзбекстан тарабынан салынып, кийинчерээк уставдык капиталы 200 млн АКШ долларына чейин жеткирилген эл аралык уюм болоору күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты