Ысык-Көлдө жол жабылат

  • 3 года мурун

2021-жылдын 19-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусундагы Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлөт. Бул тууралуу ИИМжин ЖКККББсинин басма сөз кызматы маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, коопсуздукту камсыздоо максатында Тамчы айылынан Бостери айылына чейинки, андан сырткары Чолпон-Ата шаарынын ички жолдорунда транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр коюлат.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алып, жарандарыбыз менен коноктор убактылуу киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга, жолдордо тыгындарды жаратпоо үчүн жол эрежелерин жана жолдо жүрүү маданиятын так сактап, унааларды жолдун жээктерине кароосуз калтыруудан алыс болууга чакырабыз, деп ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин ЖКККББы убактылуу келтирилип жаткан ынгайсыздыктар үчүн жол кыймылынын катышуучуларынан кечирим сурайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты