Иран уранды байытуу ишин тездетти

  • 3 года мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук коопсуздук боюнча агенттиги Иран курал сапатына жеткен уранды байытуу процессин тездете баштаганын билдирди.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) 17-августта мүчө өлкөлөрдүн баяндамаларына таянган маалыматына караганда, Иран Натанз шаарындагы ишканасында центрифугалардын экинчи каскадын колдонуп, тазалыгы 60 пайызга жеткен уранды байытып жатат.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы — АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн эл аралык санкциялар алынган. Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Сүрөт: Интернеттен

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты