​Ооган бийлиги Кандагар талибдердин көзөмөлүнө өткөнүн ырастады

  • 3 года мурун

Ооганстандын бийлиги калкынын саны боюнча өлкөдөгү экинчи шаар эсептелген Кандагар талибандардын көзөмөлүнө өткөнүн ырастады.

Бир аз күн мурун «Талибан» кыймылы Ооганстандагы экинчи жана үчүнчү ири шаарды — Герат менен Кандагарды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Бүгүн маанилүү стратегиялык пункт эсептелген Лашкаргах да талибдерге өткөнү ырасталды.

2021-жылдын август айына чейин талибдер Ооганстандын калк аз жайгашкан райондорун гана көзөмөлдөп келген. Бир апта мурун алар 34 аймактын борбор шаарларынын алгачкысын — Зарандж калаасын басып алышкан. Бүгүнкү күндө облустук борборлордун дээрлик үчтөн экиси «Талибандын» көзөмөлүнө өттү.

Ал ортодо АКШ Кабулдагы элчилигинин кызматкерлерин чыгарып кетүү үчүн шаарга америкалык аскерлер жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Ооганстанда талибдердин чабуулдары 1-майдан тартып күч алды. Дал ошол күнү Кошмо Штаттар башында турган эл аралык коалиция өз күчтөрүн чыгара баштаган. Эл аралык күчтөр Ооганстандан ушул айдын соңунда толук чыгып кетери күтүлүп жатат.

Сүрөт: EPA-EFE.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты