Террордук уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

  • 3 года мурун

2021-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уланып жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, эл аралык террористтик уюмдардун активдүү мүчөсү, 1983 -жылы туулган Кыргыз Республикасынын «А.А.» аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталган боюнча, кармалган адам 2019-жылы Эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн тарабында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында, Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен жана куралдуу чыр-чатактар зонасына өтүүнү пландаштырган. Афганистандагы (Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган) «Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун лидерлеринен тапшырмсы менен, Кыргыз Республикасында террористтик мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана сот органдарынын чечими менен кармалган адам Баткен облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда КР УКМК тарабынан “А.А” аттуу жарандын кылмыштуулукка байланышкан иштерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө комплекстүү иш-чаралар уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты